Террорго каршы күрөш уланып жатат
Манбижден «Евфрат калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган 7 террорист жок кылынды.
1367198
Сирияда «Евфрат калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө 7 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин Твиттерден берген маалыматында, десанттардын Манбижден «Евфрат калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган 7 террористти жок кылгандары белгиленди.
Маалыматта террористтерден бирөөнүн уюмдун Кандил тоосундагы жалган корбашчыларынын арасында орун алгандыгы кабарланды.
Бир тараптан Ички иштер министрлиги, Диярбакырда нөөмөттө турган үй-бүлөлөрдөн бирөөнүн баласы да арасында болгон 5 террористтин көндүрүү жолу менен коопсуздук күчтөрүнө багынып бергендерин билдирди.
Ушундайча быйыл көндүрүү жолу менен багынып бергендердин саны 48ге жетти.