Чавушоглу кесиптештерине ыраазычылык билдирди

Греция, Латвия, Литва жана Албания Түркияга көңүл айтышты.

1364927
Чавушоглу кесиптештерине ыраазычылык билдирди

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ирандагы жер титирөөдөн таасирленген Ванда каза тапкандарга байланыштуу жарыялаган көңүл айтуу билдирүүлөрүнөн улам Греция, Латвия, Литванын тышкы иштер министрлери менен Албаниянын тышкы иштер министринин орун басарына ырахмат айтты.

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас, Латвиянын тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич, Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс, Албаниянын тышкы иштер министринин орун басары Гент Жакаждын социалдык медиа баракчасы Твиттерден, Ирандын Хой шаарындагы жер титирөөдөн таасирленген Түркиянын Ван облусунда каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтылып, жаракат алгандардын тезирээк сайып кетиши кааланган билдирүүлөр жарыяланды.

Бул билдирүүлөргө тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Твиттерден жооп берип ыраазычылык билдирди.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Түркия-Иран чек арасында кечээ болгон жер титирөөнүн себебинен Вандын Башкале районунда 9 кишинин каза тапканын, 50 кишинин жаракат алганын билдирген эле.



Тектеш кабарлар