Эрдоган: «Асад режими февралдын акырына дейре чегинбесе биз күч колдонобуз»

Президент Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Стамбул облус башчылыгынын жаңы мүчөлөрүнүн иштери боюнча сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

1360339
Эрдоган: «Асад режими февралдын акырына дейре чегинбесе биз күч колдонобуз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда Башар Асад режими февраль айы бүтө электе келишимдердеги чек араларга кайтпаса Түркиянын күч колдоно турганын жарыялады.

Президент Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Стамбул облус башчылыгынын жаңы мүчөлөрүнүн иштери боюнча сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган, Түркиянын Сириядагы зулумдукту токтотуу жана чек араларынын коопсуздугун камсыздоо чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу баса белгиледи.

Режим күчтөрүнүн Сочи меморандумунун чек араларына чегинмейинче Идлибдеги маселенин чечиле албай турганын баса белгилеген Эрдоган, Идлибде керек болсо Түркиянын өзү жалгыз кыймыл кыла турганын баса белгиледи.

Эрдоган: «Учурда Сирияда эң чукул кырдаал болгон жер Идлибдеги жерге чечүүчү жол табуу үчүн Асад режиминин кол салгычтыгынын тез арада токтотулушу жана мындан мурда жетишилген келишимдердеги чек араларга чегинүүсү болуп саналат. Андай болбосо февраль айы бүтө электе биз бул ишти жасайбыз. Муну досторубуздун колдоосу менен ишке ашыра алсак курсант болобуз. Жок бул ишти зор жолдон жасашыбыз керек болсо аны да жасайбыз»,-деди.

Эрдоган: «Сирияны террордук уюмдардан жана Режимдин зулумдугунан тазалабастан бизге тынч жатып уктоо арам болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар