Turkish Cargo Кытайга гуманитардык жардам алып барды

Turkish Cargo 1-февралдан бери көпчүлүгү гуманитардык жардамдар менен медициналык буюмдардан турган тонналаган жүктү Кытайга жеткирди.

1358607
Turkish Cargo Кытайга гуманитардык жардам алып барды

Turkish Cargo, Кытайдагы коронавируска байланышуу өзгөчө абалдан улам Гуанчжоу аймагына гуманитардык жана дары-дармек жардамы менен медициналык шаймандарды алып барды.

Түрк аба жолдорунун Басма сөз кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда, Стамбулдагы «Ататүрк» аэропорту менен «Гуанчжоу» аэропортунун ортосунда, 102 тонна көлөмдүү «Боинг-777 F» жүк ташуучу учагы менен жүргүзүлгөн чартердик каттамдарда; дары-дармек, медициналык маскалар, бир жолу колдонулуучу мээлейлер жана дезинфекцияланган шишелер менен бирге медициналык буюмдар жеткирилди.

Гуманитардык жардамдарды ташыган учакты, Кытай өкмөтүнүн айрым жетекчилери менен Түркиянын Гуанчжоудогу башкы консулу Мехмет Куртулуш Айкан тосуп алышты.

Turkish Cargo, вирус жайылып жана каттамдар токтой баштаган 1-февралдан бери көпчүлүгү гуманитардык жардамдар менен медициналык буюмдардан турган тонналаган жүктү Кытайга алып барды.

126 өлкөгө абадан жүк ташуу кызматын көрсөткөн Turkish Cargo, дүйнөдөгү өзгөчө кырдаалдарда, табигый кырсыктарда жана адамзаттык абалдарда негизги логистикалык муктаждыктарды камсыздоого колдоо көрсөтүүсүн уланта бермекчи.



Тектеш кабарлар