Хулуси Акар Идлиб маселеси тууралуу маалымат берди

Акар,Бельгиянын борбор шаары Брюсселде журналисттердин Идлибдеги абалдар тууралуу суроолоруна жооп берди.

1359175
Хулуси Акар Идлиб маселеси тууралуу маалымат берди

Акар, НАТОнун коргоо министрлеринин жыйналышынын алкагында барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде журналисттердин Идлибдеги абалдар тууралуу суроолоруна жооп берди.

Министр Акар, Идлиб да каралган негизги отурумда Түркиянын көз карашы жана күтүүлөрүн НАТОнун жооптуу кызматкерлерине менен шериктеш өлкөлөрдүн коргоо министрлерине түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондорун айтты.

Идлибде келип жеткен абалдын октябрь айында болгон акыркы НАТОнун коргоо министрлеринин жыйналышынан бери абдан терс багытта кеткенин баса белгилеген Акар, 4 миллион сириялык жашаган бул аймакта Түркиянын кепил мамлекеттерден бири экенин эске салды.

Ок атпоонун камсыздалышы көчкө бөгөт коюлушу жана төгүлүп жаткан кандын токтотулушу үчүн иш-аракет кылып жаткандарын баса белгилеген Акар, режимдин ушул убакка дейре жарыяланган төрт ок атпоого карабастан аба жана кургактыктан кол салууларын уланткандарын жана бул кол салуулардын күчүнүн барган сайын артканын айтты.

Акар, режимдин кол салууларынын радикалдашууну жана көчтү да көбөйткөнүн белгилеп, орто эсеп менен 1 миллион сириялыктын үйлөрүнөн жана журттарынан качып оор кыш шарттарында чарасыз түрдө режим аймагына эмес, өздөрүн коопсуз сезишкен Түркияга багыт алгандарын белгиледи.

Бул адамзат трагедиясына дүйнө жүзүнүн үн катпай калбоосу керектигин баса белгилеген Хулуси Акар, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) аймактагы чалгындоо пункттары тууралуу, «ок атпоонуу камсыздоо жана туруктуу кылыш үчүн кошумча бөлүктөр менен аянттын текшериле ок атпоонуу камсыздоо жана туруктуу кылыш үчүн кошумча бөлүктөр менен аянттын текшеребиз. Радикалдар менен кошо ок атпоого баш ийбегендерге каршы күч колдонуулар жана ар түрдүү чаралар көрүлөт. Кошумчаланган чалгындоо пункттарыбыз аянттагы абалдын байкалышында маанилүү роль ойноосун улантат. Идлибдеги бөлүгүбүзгө кошумча жасоонун максаты ок атпоонун туруктуу түрдө камсыздалышы болуп саналат. Кандайдыр бир элементтин кол салуусуна каршы керек болсо күч колдонуу менен кошо туруктуу ок атпоонун камсыздалышына карай ар түрдүү чаралар көрүлгөнүн жана көрүлө турганын дагы бир ирет кошумчалагым келет»,-деди.

 



Тектеш кабарлар