Асад режими жана Орусиянын кол салууларынан акыркы 4 күндө 90 миң жаран жеринен кетти
4 күндө 90 миң жаран дагы Түркия чектерине келди.
Сирияда Башар Асад режими жана колдоочуларынын Идлиб араздашууну азайтуу аймагынын чектеринин ичиндеги отурукташуу жерлерине карата кол салуулардын жыйынтыгы катары акыркы 4 күндө 90 миң жаран дагы Түркия чектерине келди.
Жерлеринен чыккандардын көпчүлүк бөлүгү Түркия чек арасындагы лагерлер аймагына келсе бир бөлүгү да Түркия террордон тазалаган «Ефврат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка баш калкалоодо.
Идлибдин түштүгү, түштүк - чыгышы менен Халептин батыш жана түштүк элетиндеги отурукташуу жерлеринен 2019 - жыл январь айынан бери Түркия чек араларына жакын жерлерге көчүп келгендердин саны 1 миллион 767 миңге жетти.
2018 – жылы 17 - сентябрда Сочи меморандумунан бери режим жана колдоочуларынын Идлибге кол салууларында 1800дөн ашуун жаран каза болду.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.