Идлибдеги көзөмөл пунктуларына кошумча күч жөнөтүлдү
Кошумча күч катары жөнөтүлгөн пушка жана зооттолгон унаалар Хатайдын Рейханлы районуна жетти.
1354482
Түрк куралдуу күчтөрү, Сириянын Идлиб аймагындагы көзөмөл пунктуларына пушка жана аскерлерди ташыган зооттолгон унааларды жөнөттү.
Түркиянын ар кайсы бөлүктөрүнөн фуралар менен кошумча күч катары жөнөтүлгөн пушка жана зооттолгон унаалар Хатайдын Рейханлы районуна жетти.
Бул жерде аскердик кызматкерлер тарабынан фуралардан түшүрүлгөн пушка жана зооттолгон унаалар, коопсуздук чаралары астында Идлибдеги көзөмөл пунктуларына жөнөтүлдү.
Булардын Идлибдеги көзөмөл пунктуларын күчтөндүрүү максатында жөнөтүлгөндүгү билдирилди.