Идлибге 33 фуралык жардам жөнөтүлдү
Жардамдарды ташыган 33 фура "Жилвегөзү" чек ара бекетинен өттү.
1353209
БУУ тарабынан Сириянын Идлиб шаарына 33 фуралык гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
БУУнун жардамдарын ташыган 33 фура, Түркиянын Хатай облусунун Рейханлы районундагы "Жилвегөзү" чек ара бекетинен өттү.
Унаалардагы гуманитардык жардамдар Идлиб жана элет жерлериндеги муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө таркатылат.