Шейит болгондордун саны көбөйдү
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсү.
Сириянын Идлиб аймагында режим күчтөрү тарабынан атылган замбиректердин огунан шейит болгондордун саны 6га жетти.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Идлибде режим күчтөрүнүн кол салуусунда жаракат алгандардан бир аскер менен жарандык кызматкердин баардык аракеттерге карабастан көз жумгандыгы, окуяда шейит болгондордун саны 6га жеткендиги белгиленди.
Мыйзамдуу коргонуунун алкагында буталарга ок атылып жооп кайтарылып жаткандыгы кабарланган билдирүүдө: «Шейит болгон жана жаракат алган аскерлерибиздин каны жерде калбайт. Бул кол салууну кылгандар жооп беришет жана ушуга окшогон кол салууларга каршы мыйзамдуу коргонуу укубузду катуу пайдаланабыз. Бизди терең кайгыга салган окуяда каза тапкан шейиттерибиздин жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, үй-бүлөлөрүнө, Түрк куралдуу күчтөрү менен улутубузга көңүл айтабыз»,-делди.
Идлибдеги кагылышууларга бөгөт болуу максатында аймакка жөнөтүлгөн аскерлерге, бара турчу жерлери мурдатан макулдашылганына карабастан режим күчтөрү тарабынан замбиректер атылган. Кол салууда төрт аскер шейит болуп, 9 аскер жаракат алган болчу.
Тектеш кабарлар
Министр Уралоглу Германияда Өнүгүү жолу долбоорун түшүндүрөт
Эл аралык транспорт форуму (ITF) саммити 22-23-майда Германиянын Лейпциг шаарында өтөт.