Президент Эрдоган бүгүн Украинага барат

Эрдоган, Түркия-Украина Стратегиялык Жогорку Кеңешмесинин 8-жыйынына катышуу үчүн бүгүн Украинага барат.

1351715
Президент Эрдоган бүгүн Украинага барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия-Украина Стратегиялык Жогорку Кеңешмесинин 8-жыйынына катышуу үчүн бүгүн Украинага барат.

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын жарыясына караганда президент Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жетекчилигинде тийиштүү министрлердин катышуусунда борбор шаар Киевде боло турган Кеңешменин жыйналышында эки тараптуу жана аймактык маселелер ар өңүттөн каралып чыгат.

Сапардан улам Крым татар боордошторунун абалы туурасында пикир алмашылат, Украина менен стратегиялык өнөктөштүк карым-катнаштарынын тереңдетилишине карай жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнө баа берилет.

Президент Эрдоган менен Укриананын президенти Зеленскийдин, Түркия-Украина ишкердик форумунда ишкерлер менен жолугушуусу көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар