Президент Эрдоган өлкөгө кайтып келди

Эрдоган Ливия жыйынына катышып келди.

1343643
Президент Эрдоган өлкөгө кайтып келди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин чакыруусу боюнча Ливия темасында өткөрүлгөн саммит үчүн барган Берлиндеги жолугушууларын аяктап өлкөгө кайтып келди.

Президент Эрдоган жана аны коштогон делегацияны ташыган атайын учак Түркия убактысы боюнча саат 23.50дө Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортуна конду.

Эрдоганды аэропортто президенттин орун басары Фуат Октай, Стамбул губернатору Али Йерликая жана Стамбул коопсуздук директору Мустафа Чалышкан тосуп алышты.

Эрдоган менен бирге улуттук коргоо министри Хулуси Акар, улуттук чалгындоо уюмунун төргасы Хакан Фидан, коммуникация башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын да өлкөгө кайтып келди.



Тектеш кабарлар