Көндүрүү ыкмасы менен дагы 5 террорист багынып берди

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда коопсуздук күчтөрү жүргүзгөн ийгиликтүү операциялар жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын таркоосун ылдамдатты.

1343373
Көндүрүү ыкмасы менен дагы 5 террорист багынып берди

Жүргүзүлгөн көндүрүү иштеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 5 террорист Хабур чек ара капкасында коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда коопсуздук күчтөрү жүргүзгөн ийгиликтүү операциялар жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын таркоосун ылдамдатты.

Операцияларга үй-бүлөлөрдүн колдоосу менен жүргүзүлгөн көндүрүү иштеринин да кошулуусу менен багынып берүүлөр акрыкы жылдардын эң жогорку деңгээлине жетти.

Ушул алкакта Коопсуздук башкы директорлугу жана Жандармерия башкы командирлиги жүргүзгөн көндүрүү иштеринин натыйжасында 5 террорист Шырнактын Хабур чек ара капкасынан коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ушуну менен жылдын башынан бери террордук уюмдан бир гана көндүрүү жолу аркылуу багынып берген террорист саны 13кө жетти.



Тектеш кабарлар