Меркель Түркияга келет
Меркелдин президент Эрдоган менен Стамбулда жолугуша турганы билдирилди.
1342807
Германиянын канцлери Ангела Меркель 24-январда Түркияга келет.
Өкмөттүн басма сөз катчысы Штеффен Зайберт, Меркелдин президент Режеп Таййип Эрдоган менен Стамбулда жолугуша турганын айтты.
Штеффен Зайберт, сапардын алкагында Меркель менен Эрдогандын Түрк-немис университетинин кампусунун ачылышына катыша тургандарын да билдирди.
Ошондой эле, Меркелдин Түрк-немис соода палатасынын иш-чарасына катышып, экономика чөйрөсү менен жолугушуу өткөрө турганы, Түркиядагы жарандык коомдук уюмдун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөөрү да күтүлгөндүгү кабарланды.