Эрдоган менен Трамп сүйлөштү
Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
1341719
Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен кечээ кечинде телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Эрдоган-Трамп сүйлөшүүсүндө, эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге Ливиядагы акыркы кырдаал жана аймактык маселелер каралды.
Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Жадд Дир болсо Эрдоган-Трамп сүйлөшүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндөгү маалыматында: «Эки лидер Сирия жана Ливиядагы коопсуздук абалды, Ирандагы митингдер менен Ирандын Украина учагын атып түшүргөнү жөнүндөгү темаларды талкуулашты»,-деди.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.