Ливиялык тараптар Москвада ок атпоону сүйлөшүшөт

Орусиянын борбор шаары Москвада жолугушууларды өткөрө турган тышкы иштер иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Улуттук коргоо министри Хулуси Акар орус кесиптештери менен жолугат.

1339660
Ливиялык тараптар Москвада ок атпоону сүйлөшүшөт

Ливияда тынчтык жана ырааттуулукту камсыздоо аракеттеринин алкагында Орусиянын борбор шаары Москвада жолугушууларды өткөрө турган Түркиянын тышкы иштер иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана улуттук коргоо министри Хулуси Акар орус кесиптештери менен жолугат.

Ливиялык тараптарды өкүлдүк кылган мыйзамдуу башкаруу Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Файиз эс-Сараж, Мамлекеттик жогорку консейинин төрагасы Халид эл-Мишри жана берки өкмөт жетекчилери орун ала турган жолугушууда, дипломатиялык булактар ок атпоо келишимине кол коюлушунун күн тартипте болгонун билдирди.

Улуттук телеканалга түз эфирде байланышкан Сараж, өмүрү кыйылган жаштардын канына, шейиттердин рухуна баш ийе тургандарын жана жарандык мамлекет түзүү изденүүсүнөн баш тартпай тургандарын кеп кылып, «Ок атпоо келишимине кол коюу келечектеги келишимдер үчүн түртүүчү кадам болот. Бул ливиялыктардын аккан канын токтотуу аракети болуп саналат. Ок атпоону, улуттук биримдикти жана социалдык түзүлүштү коргоо максаты менен күчтүү турган позицияда ок атпоону кабыл алдык»,-деп айтты.

Сарраж, келишимдин бузулган жана куралдуу операциялардын башталган учурунда эселентип жооп кайтарууга даяр экендиктерин белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар