Отуруу митингине катышкан чоң эне неберсин тапты
Коопсуздук боюнча башкы директорлуктун аракети менен кечээ Шырнактагы Хабур чек ара капкасында уюмдун 5 мүчөсү багынды.
Диярбакырда ПКК террордук уюму тарабынан тоолорго качырылган балдары үчүн Элдердин демократиялык партиясынын облустук имаратынын алдында «баласын күтүү» нөөмөтүнө катышкан бир үй - бүлө да полицянын жардамы менен баласын тапты.
Коопсуздук боюнча башкы директорлуктун аракети менен кечээ Шырнактагы Хабур чек ара капкасында уюмдун 5 мүчөсү багынды.
Багынгандардын бирөөсүнүн Диярбакырдагы Элдердин демократиясы партиясынын облустук башкаруу имаратынын алдында күтүп жаткан Халиме Кадрандын небереси Ибрахим Халил Кадран экендиги билдирилди.
Диярбакырдан 5 жыл мурда тоого качырылган ата- энеси жок небереси үчүн отуруу митингине катышкан чоң эне Халиме Кадран коопсуздук күчтөрүнүн жардамы менен Ибрахим Халил Кадранды тапты.
Ушундайча Диярбакыр энелеринин балдарын күтүү нөөмөтүнүн 130 -күнүндө жакындарын тапкан үй- бүлө саны төркө жетти.