Шарль Мишель Түркияга келет

Мишель Стамбулда Эрдоган менен жолугушат.

1337121
Шарль Мишель Түркияга келет

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Түркияга келет.

Шарль Мишель 11-январда Түркияга жасай турган сапарында президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушат.

Маалымдалгандай президент Эрдоган менен Мишелдин Стамбулда ишемби күнү түштөн кийин жолугушуу өткөрөөрү күтүлүүдө.

Жолугушууда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын карала тургандыгы белгиленген маалыматта: «Мишель аймактагы чыңалууну басаңдатуу үчүн ар дайым диалогго чакырды. Түркия аймактагы ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн чечүүчү оюнчу. Ушул себептен Түркияга сапар жасап жатат», делди.



Тектеш кабарлар