Вашингтондо Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз саясаты түшүндүрүлдү

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз саясатына, Ливияга карай кадамдарына АКШнын Вашингтон шаарында адистер тарабынан баа берилди.

1336131
Вашингтондо Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз саясаты түшүндүрүлдү

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз саясатына, Ливияга карай кадамдарына АКШнын Вашингтон шаарында адистер тарабынан баа берилди.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун  Вашингтон кеңсеси (SETA-DC) тарабынан уюштурулган «Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз саясаты» темалуу диспутта сөз сүйлөгөн Алтынбаш университетинин ректору, проф.др.Чагры Эркан, Түркиянын өзүнө жана Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) таандык жээк сууларынын (континентальный шельф) алкагында Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги кызыкчылыктарын коргош үчүн Ливиянын Улуттук ынтымакташтык өкмөтү менен макулдашуу меморандумуна кол койгонун эске салды.

СЕТАнын башкы директору Бурханеддин Дуран болсо Түрк аскердик бөлүктөрүнүн Ливиядагы кагылышууга кошулуш үчүн эмес, саясий чечүүчү жол табууну күчтөндүрүш үчүн жөнөткөнүн айтты.

Ливиянын чыгыш жагындагы куралдуу күчтөрдүн лидери,төңкөрүшчүл генерал Халифе Хафтер, борбор шаар Триполини колго алыш үчүн 4-апрелде кол салуу буйругун берип, бул боюнча эл аралык мыйзамдуулукка ээ болгон Ливиянын Улуттук ынтымакташтык өкмөтүнүн бөлүктөрү каршы операцияларды баштаган.

Максатына жете албаган Хафтер, эң акырында 12-декабрда Триполиге карай «Белгилөөчү согуш» деген ат менен жаңы кол салуу буйругун берген. Хафтердин кол салуу буйругуна каршы өлкөнүн батышында орун алган Мисрата баш болгон 10 шаарда жапырт согушуу жарыяланган.



Тектеш кабарлар