Түркиянын 2019-жылдагы ички коопсуздугунун алкагында жок кылынган террорист саны жарыяланды

Ички иштер министринин орун басары Исмаил Чатаклы, борбор шаар Анкарадагы басма сөзгө маалымат берди.

1334312
Түркиянын 2019-жылдагы ички коопсуздугунун алкагында жок кылынган террорист саны жарыяланды

2019-жылы коопсуздук операцияларынын алкагында 149у жалган жогорку рангадагы башкаруучулар болгон 1694 террорист жок кылынды.

Ички иштер министринин орун басары Исмаил Чатаклы, борбор шаар Анкарадагы басма сөзгө маалымат берүү жыйналышында элет жерлерде жана шаар борборлорунда бардык террордук уюмдарга карай 141 миң 206 операция уюштургандарын маалымдады.

Операцияларда 149у жалган жогорку рангадагы башкаруучулар болгон 1694 террорист жок кылынганын сөз кылган Чатаклы, Кыран операцияларынын алкагында да 1и сары-кызгылт түстүү, 3ү боз түстүү категорияларда изделген бардыгы 144 террорист жок кылынганын айтты.

Өлкөсүнө кайткан сириялыктардын санынын 373 миң 592 кишиге жеткенин белгилеген Чатаклы, бүгүнкү катоону караганда Түркияда катталган сириялыктардын санынын 3 миллион 571 миң 30 киши болгонун эске салды.

Чатаклы, 2019-жылы 11-ноябрдан кийин депортацияланган чет элдик террорист санынын болсо 150гө жеткенин айтты.



Тектеш кабарлар