Түркия чек арасына 250 миң киши келе жатат
Ички иштер министри Сойлу : «Идлибде да түштүк чек арабызда да даяр эмес экендигибиз тууралуу сөз айтыла албайт»,- деди.
1334006
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Сириянын Идлиб аймагындагы кагылышуулардан улам Түркия чек арасына 250 миң кишинин келе жаткандыгын айтты.
Хатайда маалымат берген министр Сойлу : «Ал жерде болгон кагылышуулардан улам өзгөчө түштүктөгү чек арабызга карай келе турган кишилер сөз болууда. 250 миңге жакын киши келе жатат. Муну мындан мурда да айтканбыз жана бир канча убакыттан бери да иликтеп жатабыз. Буларды кайдан тосуп алып жана кандай чараларды көрөрү тууралуу пландарды түзгөнбүз»,- деди. Ички иштер министри Сойлу : «Идлибде да түштүк чек арабызда да даяр эмес экендигибиз тууралуу сөз айтыла албайт»,- деди.