Түркиянын дос жана шериктеш өлкөлөргө бериле турган жардам көлөмү белгиленди

Түркиянын дос жана шериктеш өлкөлөргө көрсөтө турган жардам көлөмү белгиленди.

1329640
Түркиянын дос жана шериктеш өлкөлөргө бериле турган жардам көлөмү белгиленди

Түркиянын дос жана шериктеш өлкөлөргө бериле турган жардам көлөмү 20 миллион лира деп белгиленди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын колу коюлуп чыккан жарлыкка караганда 3212 номердүү мыйзамдын алкагында 2020-жылы келишим түзүлбөстөн дос жана шериктеш мамлекеттерге жана бул мамлекеттерде орун алган мамлекеттик же жеке менчик атайын статустагы уюм жана мекемелерге товар же кызматтын камсыздалышы, алмашуусу же жардам катары берилишинде ишке ашырыла турган акча көлөмү 20 миллион лира деп белгиленди.

Токтомдун алкагында дос же шериктеш мамлекеттерге жана бул мамлекеттерде орун алган мамлекеттик же атайын статустагы уюм жана мекемелерге протокол менен бериле турган товар жана тейлөөлөрдүн тизмесинде 37 берене бар.

Тизмедеги товар жана тейлөөлөр келишим түзүлбөстөн протокол менен бериле алат.

Токтомдо тизмеде орун алган товар жана тейлөөлөрдүн жардам процедураларынын Тышкы иштер министрлигинин макулдугунун алынышынан кийин жасала турганы белгиленди.


Этикеткалар: #жардам көлөмү , #Түркия

Тектеш кабарлар