AFAD жардамдарын улантып жатат

Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы (AFAD) видео бөлүштү.

1329795
AFAD жардамдарын улантып жатат
afad idlib yardim1.jpg

Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы (AFAD) Сириянын Идлиб шаарында режим күчтөрүнүн кол салууларынан качкан жарандарга жардамдарын улантууда.

Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы Твиттер баракчасынан Идлибде жарандардын оор шарттарда жашап жаткандарын көрсөткөн видео бөлүштү.

«Идлибде режим күчтөрүнүн кол салууларынан качкан жарандарга карата гуманитардык жардамдарыбыз уланып жатат» деген тема менен бөлүшүлгөн видеодо, оор шарттарда жашап жаткан сириялыктарга Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан берилген жардамдардын көрүнүштөрүнө орун берилген.

Видеодо айрыкча Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан чатыр курулуп, жууркан-төшөк жана азык-түлүк таркатылып жаткандыгы да көрүнүүдө.



Тектеш кабарлар