Түркиянын аракети

Президент Эрдоган күтүлбөгөн сапар жасаган Тунисте президент Каис Саид менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1329543
Түркиянын аракети

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ливияда ок атышуулардын тез арада токтотулушу керектигин айтты.

Президент Эрдоган күтүлбөгөн сапар жасаган Тунисте президент Каис Саид менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Сөз сүйлөөсүндө, Ливиядагы легитимдүү улуттук макулдашуу өкмөтүнө карай болуп жаткан төңкөрүшчү Хафтер күчтөрүнүн кол салууларына токтолгон Эрдоган, бул терс жагдайдын Тунис менен катар коңшу өлкөлөргө дагы чоң таасирин тийгизгенин баса белгиледи.

Эрдоган Ливияда тынчтыкты орнотууга карата аракеттерге, Тунистин абдан маанилүү жана иштиктүү салымынын болооруна ишенгенин айтты.

Президент Эрдоган Тунистин президенти Каис менен Ливияда ок атышуулар токтотулуп саясий процесске айландырылышы максатында ушул багытта таштала турчу кадамдардын, жүргүзүлө турчу кызматташуулардын үстүндө иштеп жаткандарын белгиледи.

Ливияга аскер жөнөтүлүшү жөнүндө Эрдоган: «Биз ушул күнгө чейин эч бир жерге чакырыксыз барган жокпуз. Кандайдыр бир чакыруу болсо албетте барабыз»,-деди.

Ливия менен меморандумга кол койгондорун баса белгилеген Эрдоган, мындан кийинки процессти дагы ушул багытта уланта тургандарын билдирди.  



Тектеш кабарлар