Тель Абядда окуучуларга окуу китеби таркатылды
Сириянын Тель Абяд районунда билим алган 300 окуучуга Шанлыурфа акимчилигинин колдоосу менен окуу китептери таркатылды.
«Тынчтык булагы» операциясы менен террордон тазаланган Сириянын Тель Абяд районунда билим алган 300 окуучуга Шанлыурфа акимчилигинин колдоосу менен окуу китептери таркатылды.
Сирия убактылуу өкмөтү даярдаган программага ылайык басылган окуу китептери «Тынчтык булагы» операциясы аймагындагы мектептерде таркатыла баштады. Ушунун негизинде Шанлыурфа акимчилиги Сирияга колдоо жана координация борбору райондун борборундагы Саббаг мектебинде башталгыч жана орто билим алган 300 окуучуга окуу китептерин алып барды.
Райондо билим алган жалпы 3000 окуучунун баары каска убакытта окуу китептерине жетишет.
Тель Абяд билим берүү боюнча жооптуусу Махир Мухаммед берген маалыматында райондогу мектептерде террордун изин өчүрүүнү улантып жатышкандарын айтты.
Тель Абяд райондук борборунда Түркиянын колдоосу менен оңдоо иштери бүткөрүлгөн 4 мектепте билим берилүүдө.
Тектеш кабарлар
Түркия Мьянмада акыркы айларда күчөгөн кагылышууларга тынчсыздануусун билдирди
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүү жарыяланды.