Эрдоган: «Ислам дүйнөсүнүн тагдырын 5 өлкөнүн каалоосуна калтырган системанын өмүрү бүттү»

Президент Эрдоган, Куала-Лумпур саммитинде БУУ менен Ислам дүйнөсүн катуу сынга алды.

1325916
Эрдоган: «Ислам дүйнөсүнүн тагдырын 5 өлкөнүн каалоосуна калтырган системанын өмүрү бүттү»
erdogan.jpg
erdogan.jpg
erdogan.jpg
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, БУУнун Коопсуздук кеңешинин структурасынын өзгөртүлүүсү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент Эрдоган Малайзиянын кожоюндугунда уюштурулган Куала-Лумпур саммитинде сөз сүйлөдү.

Ирандын президенти Хасан Рухани менен Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани да катышкан саммитте Эрдоган 50дөн ашуун өлкөдөн 650 өкүлгө кайрылды.

Сөз сүйлөөсүндө БУУнун Коопсуздук кеңешинин структурасынын өзгөрүүсү керектигин белгилеген Эрдоган: «Экинчи Дүйнөлүк согуштун жеңүүчүлөрү тарабынан өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн, 1 миллиард 700 миллион кишинин тагдырын 5 өлкөнүн каалоосуна калтырган системанын эми өмүрү бүттү»,-деди.

Бир гана БУУнун Коопсуздук кеңешинин системасы эмес, Ислам кызматташтык уюмунун да жаңылануусу керектигин баса белгилеген Эрдоган: «Ислам дүйнөсүн жолугуштурган платформалардын эң чоң көйгөйү ишке ашыруудагы жетишсиздиги болуп саналат. Палестинада жылыш болбой жатса сектанттык аркылуу аймагыбыздын бөлүнүп-жарылышына токто дей албасак себеби ушул. А бирок Ислам дүйнөсү күчсүз алсыз эмес»,-деп айтты.

Ислам дүйнөсүн сынга алган президент Эрдоган: «Көптөгөн мүмкүнчүлүккө, мунайга, калктын санына, табигый ресурстарга карабастан дагы деле мусулмандардын чоң бөлүгү жакырчылык менен күрөшүп жатса, катаны өзүбүздөн издешибиз керек»,-деди.

Ислам дүйнөсүнүн ири энергетикалык булактарга ээ болгонуна карабастан 350 миллион мусулмандын жакырчылыкта жашап жатканына көңүл бурган Эрдоган: «Эң бай Ислам өлкөлөрү менен жакырларынын ортосундагы айырма 200 эседен көп. Дүйнөнүн жалпысында сабаттуулук катышы 82.5 пайыз болсо бул сан Ислам дүйнөсүндө 70 пайыз»,-деди.

Аймакта болуп жаткан кагылышуулардын аякташы керектигин да баса белгилеген президент Эрдоган: «Дүйнөнүн жалпысындагы кагылышуулардан каза тапкандардын 94 пайызы мусулмандардан турат. Учурда дүйнөдө сатылган ар бир үч куралдан бирөө Жакынкы Чыгышка барат. Башкача айтканда мусулмандар бири-бирине ок атып жатканда, байыгандар батыштык курал сатуучулары болууда»,-деп кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар