Баатыр түрк аскери (Мехметчик) эркиндиктердин кепили...

Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа барагы Твиттерден, «Баатыр түрк аскери (Мехметчик) бардык ишенич жана баалуулуктарды урматтайт, эркиндиктердин кепили болуп саналат», темалуу маалымат бөлүштү.

1321070
Баатыр түрк аскери (Мехметчик) эркиндиктердин кепили...

Сириянын Тель Абяд жана Рас-эль-Айн аймагында террордук уюмдар талкалаган мечит жана чиркөөлөрдө ибадаттар уланууда.

Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа барагы Твиттерден, «Баатыр түрк аскери (Мехметчик) бардык ишенич жана баалуулуктарды урматтайт, эркиндиктердин кепили болуп саналат», темалуу маалымат бөлүштү.

Тель Абьяддын Иман мечитинде жума намазы окулушу жана куран окулушу тууралуу көрүнүштөр орун алган видеодо, Мехметчиктин мечиттин жамаатына роза гүлүнүн ширесин, локум жана шоколад сунуп жатканы орун алган.

Жума намазынан чыккан сириялык бир киши үйгө кете турганын билдирип, «Түрк, күрт, араб, бардыгыбыз мусулманбыз. Биз бардыгыбыз мусулманбыз, улуттун үйлөрүнө кайтуусун каалайбыз»,-деди.

Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын басып алуусунан кутулган Тель Абяддагы армян православдык, Рас-эль-Айндагы Сириянид православдык жана Сиралдагы Католиктик чиркөөлөрүнүн ибадат кылууга ачылганын көрсөткөн видеодо, сириялык православ бир аял: «Чындап эле абдан бактылуубуз жана кубанычтабыз. Бул жерге келдик, жекшемби сыйынуубузду кылдык. Теңирге шүгүр болсун эч маселе жок, тынчпыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар