Хулуси Акар : "Ф - 35тердин өнөктөшүбүз, кардары эмес"
Хулуси Акар Ф - 35 тууралуу берген маалыматта өздөрүнө түшкөн милдетти аткарышкандарын жана ушул кезге чейин 1,4 миллиард доллар төлөшкөндөрүн белгиледи.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Ф - 35 аскердик учактарынын кардары эмес, өнөктөшү экендигин айтты. Хулуси Акар Анадолу агенттигинин күн тартиби тууралуу маалымат берди. Хулуси Акар Ф - 35 тууралуу берген маалыматта өздөрүнө түшкөн милдетти аткарышкандарын жана ушул кезге чейин 1,4 миллиард доллар төлөшкөндөрүн белгиледи.
Түркиянын Орусиядан С - 400 абадан коргоо системаларын алуу менен АКШнын Ф - 35тер тууралуу Түркияга кыйынчылык жараткандыгын баса белгилеген Акар мунун ылайыктуу мамиле эмес экендигин айтышкандарын билдирди.
С - 400дөрдүн Ф - 35 учактарына таасирлентет деген тынчсыздануусунун негизсиз экендигин белгилеген Акар : «Норвегияда С - 400дөр бар жана учкан учактар бар бири биринен таасирленбейт»,- деди. Акар бир тараптан С - 400дөрдү куруу процессинин пландалгандай жүрүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
Ф - 35тер тууралуу тажабастан АКШга түшүндүрүүгө аракет кылышкандарын белгилеген Акар : «Эгерде бул мүмкүн болбосо табигый түрдө изденүүгө кирерибизди айтып жатабыз. Ф - 35тин өндүрүшүнө да салым кошуудабыз. Миң бөлүкчөсү Түркияда өндүрүлүүдө. Чечүүгө аракет кылабыз. Бул ишти чече турган жолдун бар экенине ишенебиз»,- деди.
Ф - 35тер тууралуу сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын жана алдыбыздагы күндөрдө бул көз караштардын дагы да артарын баса белгилеген Акар АКШда президенттик шайлоо процессинин иштеп жаткандыгын, техникалык деңгээлде Түркиянын туура экендигин айтты. Акар Түркиянын башка абадан коргоо системаларын да ала аларын белгиледи.