Төрт лидер кайрадан жолугушат

Франциянын президенти Макрон маалымат берди.

1317926
Төрт лидер кайрадан жолугушат

Европа Биримдигине мүчө үч өлкө, президент Режеп Таййип Эрдоган менен алдыдагы айларда кайрадан жолугат.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Германиянын канцлери Ангела Меркель, Англиянын премьер-министри Борис Жонсон жана президент Эрдоган менен 2020-жылдын биринчи айларында Түркияда кайрадан жолугуша тургандарын айтты.

Англиянын борбор шааары Лондондогу НАТОнун саммитинен кийин маалымат берген Макрон, террордук уюмдар Аль-Каида жана ДЕАШтын душмандар экенин билдирип: «Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларына болгон урмат сыйым жана шериктештик карым-катнаштарынын алкагында, ДЕАШтын кайрадан жандануусуна каршы Сириянын түндүк-чыгышындагы кырдаалга байланыштуу диалогду күчтөндүрүшүбүз керек»,-деп айтты.

Макрон президент Эрдоган, Германиянын канцлери Меркель жана Англиянын премьер-министри Жонсон менен мурунку күнү Лондондо өткөрүлгөн төрттүк жыйынды эске салып: «Сирия, Ливия жана берки темаларда, Түркия менен диалогду улантууну чечтик. 2020-жылдын биринчи үч айында билким Түркияда кайрадан жолугабыз»,-деди.

Франциянын президенти, Түркия менен келише албаган темалардын бар экенин бирок диалогдун улантылуусу керектигин айтты.



Тектеш кабарлар