Президент Эрдоган: «Албанияга 500 турак үй салып беребиз»

Албанияда болгон 6,3 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 45 кишиге жетти.

1314934
Президент Эрдоган: «Албанияга 500 турак үй салып беребиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6,3 баллдык жер титирөөдөн жабыр тарткан Албанияга 500 турак үй салып бере тургандарын айтты.

Эрдоган Стамбулдун Малтепе районундагы Мармара университетинин «Режеп Таййип Эрдоган» комплексинин пайдубалын түптөө аземинде сөз сүйлөдү.

Сөз сүйлөөсүндө Албаниянын Дуррес шаарында болгон 45 кишинин өмүрүн алган жер титирөөгө токтолгон Эрдоган: «Турак жай менен камсыздоо башкармалыгы (ТОКИ) аркылуу 500 турак үйдү түрк туугандары катары ал жерге салып беребиз»,-деди.

Эрдоган, Түркиядан барган топтордун ушул алкакта эң ыңгайлуу жерде иш-аракеттерин жүргүзө тургандарын айтты.

Албанияда 26-ноябрда болгон 6,3 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 45 кишиге жетти.



Тектеш кабарлар