Абадан операция жүргүзүлдү
Түрк аскерлери террористтерге каршы күрөшүүсүн чечкиндүүлүк менен улантып жатышат.
1314699
Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүнө жүргүзгөн абадан операциясында, жикчил террордук уюм ПККга мүчө эки террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин Твиттерден берген маалыматында, түрк аскерлеринин террористтерге каршы күрөшүүсүн чечкиндүүлүк менен улантып жаткандары белгиленди.
Маалыматта Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында кол салууга даярдангандыгы аныкталган ПККга мүчө эки террористтин абадан колдоо көрсөтүлгөн операцияда жок кылынгандыгы билдирилди.