Шентоп:«Түркия аймагынын коопсуздугу үчүн керек көргөн ар бир кадамды тайсалдоосуз таштайт»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп,Жибутиде өткөн 42-Африка Парламенттер Биримдигинин конференциясында сөз сүйлөдү.

1314200
Шентоп:«Түркия аймагынын коопсуздугу үчүн керек көргөн ар бир кадамды тайсалдоосуз таштайт»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын улутунун жана аймагынын коопсуздугу үчүн керектүү көргөн ар бир кадамды тайсалдоосуз таштай турганын айтты.

Мустафа Шентоп, Жибутиде өткөн 42-Африка Парламенттер Биримдигинин конференциясында сөз сүйлөдү.

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК жана ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясынын максатына жеткенге дейре улана турганын белгилеген Шентоп: «АКШ жана Орусия, аймактан террордук элементтердин чыга турганы жөнүндө берген убадаларын, кепилдиктерин толук түрдө орундаткан жок. Түркия өз чек арасында коопсуз аймак түзүлгөнгө дейре аскердик күчү менен да чечкиндүүлүгүн улантат»,-деди.

АКШнын С-400 абадан коргонуу системасына карай билдирүүлөрүнө каршылык көрсөткөн Шентоп: «(АКШ) Түркиянын сатып алган С-400 ракеталык коргонуу системалары үчүн «колдонулбасын» деген эскертүүнү айтып жатат. Түркия оңуна солуна карабастан, улутунун жана аймагынын коопсуздугу үчүн керек көргөн ар бир кадамды тайсалдоосуз таштайт»,-деди.

Африкалык паламентарларга «террор менен биргелешип күрөшүүбүз керек» деген чакырык салган Шентоп: «Жалган билим берүү, саламаттык сактоо уюмдары же жарандык коомдук уюм сыяктуу көрүнүштөрдүн астында айрым Африка өлкөлөрүндө кыймылдары уланып жатканын билгенибиз Фетуллахчы террордук уюмунун (ФЕТӨ) уландыларына каршы сергек болушуңуз керек. Чындыгында бул уюм бир гана Түркия үчүн эмес, ишин жүргүзгөн бардык өлкөлөр үчүн коркунуч болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар