Эрдоган: «Ислам бизге жараша эмес, биз Исламга жараша кыймыл кылабыз»

Президент Эрдоган, Анкарада өткөрүлгөн Дин кеңешинин жабылыш программасында сөз сүйлөдү.

1314254
Эрдоган: «Ислам бизге жараша эмес, биз Исламга жараша кыймыл кылабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, аянтты батыш булактуу кыйратуучу долбоорлорго таштабаш үчүн Ислам динин  накта булактардан үйрөнүү керектигин белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, баш калаа Анкарада өткөрүлгөн Дин кеңешинин жабылыш программасында сөз сүйлөдү.

Динди жашоодон алыстаткан, белгилүү формаларга, жүрүм-турумдарга чектеген догматикалык түшүнүккө көңүл бурбай тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Бир мусулман, өз динин жашоонун шарттарына жараша эмес, жашоонун ишеничинин негиздерине жараша ылайыкташтырууга милдеттүү»,-деди.

Эгерде адамдар адам сыяктуу жашай албаса, көп өтпөй жашаганы сыяктуу ишене баштайт деп эскерткен Эрдоган: «Дин, кишинин жашоосуна кирбесе, киши бара-бара жасагандарын диндештирип жаңылыштык кылат. Ошондуктан Ислам бизге жараша эмес, биз Исламга жараша кыймыл кылабыз»,-деп айтты.

Шиизм менен суннизмдин белгилүү чөйрөлөр тарабынан өзүнчө дин сыяктуу чагылдырууга аракет кылынгандыгын айткан Эрдоган: «Батышта бышырылган, акыркы мезгилде өлкөбүзгө экспорттолууга аракет кылынган "Алисиз алевилик" сыяктуу кыйратуучу долбоорлордун, коомчулуктун ичиндеги кошоматчылыктын артында да ушул эле сценарийлер бар»,-деди.

Эрдоган: "Милдетин чынчыл түрдө аткарган мугалимдер толтура албаган боштукту Пенсильваниядагы алдамчы (шарлатан) сыяктуу дин соодагерлери жаап алышат. Адамдар, өзгөчө жаштар дин тармагындагы чаңкоолорун ишенимдүү булактардан толтурушпаса Фетулахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана ДЕАШ сыяктуу жолунан адашкандардын чеңгелине түшөт. Пенсилваниядагы окуя долбоор болуп эсептелет. Бул долбоор Түркиянын үстүндө ойнолгон оюндун белгиси болуп саналат",-деп айтты.

Эрдоган:"Ислам душмандыгынын жана неонацист террору кудум эле жугуштуу оору сыяктуу жайылган чөйрөдө, өлкөдөн алыста жашаган адамдарыбызды кароосуз калтырбайбыз",деген серебин салып, "Бул туугандарыбызды мелүүн ислам сыяктуу империалисттик долбоорлордун чеңгелине таштай албайбыз",-деп айтты.

Президент Эрдоган, ошондой эле Стамбулдун илим борборуна айланышына жана Ислам боюнча кеңеш бериле турчу эл аралык Ислам университетинин курулуусуна маани бергенин айтты.

 



Тектеш кабарлар