ДЕАШка мүчө 11 француз депортацияланат

Чет өлкөлүк террористтерди өлкөлөрүнө жөнөтүү процессини уланып жатат.

1314207
ДЕАШка мүчө 11 француз депортацияланат

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, террордук уюм ДЕАШка мүчө 11 француздун декабрь айынын башында Францияга жөнөтүлө турганын айтты.

Сүлейман Сойлу, Измирде өткөрүлгөн «Эгей аймагындагы качкындар, коопсуздук жана социалдык шайкештик» семинарында сөз сүйлөдү.

Учурда өлкөлөрүнө кайткан сириялыктардын саны 370 миң кишиге жеткенин белгиледи.

Кармалган чет өлкөлүк террористтерди өлкөлөрүнө жөнөтүү процессинин уланып жатканын баса белгилеген Сойлу: «ДЕАШка мүчө11 француз жаранын декабрь айынын башында Францияга жөнөтөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар