Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөр Стамбулда чогулат

Ислам Кызматташтык Уюму ИКУнун «Жогорку деңгээлдеги коомдук жана менчик сектор инвестиция конференциясы» 8 - 9 -  декабрда Стамбулда өткөрүлөт.

1309482
Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөр Стамбулда чогулат

Ислам Кызматташтык Уюму ИКУнун «Жогорку деңгээлдеги коомдук жана менчик сектор инвестиция конференциясы» 8 - 9 -  декабрда Стамбулда өткөрүлөт.

Ислам Кызматташык Уюму жана Ислам Өнүгүү Банкынын кызматташуусу менен өткөрүлө турган конференцияда 2 күнгө созула турган менчик сектор өкүлдөрүнүн өз араларында жана коомдук мекемелер менен байланыш түзө ала турган жыйындардын өткөрүлүшү жана лидерлердин тегерек стол отурумунун ишке ашырылышы пландалууда.

Президенттиктин инвестиция офисинин кожоюндугунда өткөрүлө турган конференциянын негизинде Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн инвестиция агенттиктеринин башка улуттук жана эл аралык мекемелердин  өлкөлөрүндөгү инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн таанууларына карата докладдар окулат.

Конференцияга президент Р. Т. Эрдогандын да катышуусу күтүлүүдө.

Маалыматта көз караштарына орун берилген Президенттиктин Инвестиция Офисинин төрагасы Арда Эрмут иш чарада Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрүнүн коомдук жана менчик сектор өкүлдөрүнүн ийгиликтеринен сөз болорун жана мүчө өлкөлөрдүн жаңы долбоорлорун  билдиришерин белгиледи.



Тектеш кабарлар