Алтун:"Вашингтон террористке кожоюндук кылбашы керек"

Алтун Washington Examiner гезити үчүн макала жазды

1307393
Алтун:"Вашингтон террористке кожоюндук кылбашы керек"

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, АКШнын  террористке кожоюндук кылбашы керектигин белгиледи.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, The Washington Examiner гезитине макала жазды.

Макаласында жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК/ПЙД/СДКнын корбашчысы Мазлум Кобани каймана аттуу террорист Фахреттин Абди Шахиндин АКШга чакыртылышына каршылык көрсөттү жана мунун АКШнын мыйзамдарына караганда кылмыш болгонун, Түркия жана АКШнын карым-катнаштарына зыян тийгизе турганын баса белгиледи.

Алтун: «Абди Шахиндин АКШ медиасында «Сирияда ДЕАШка каршы күрөшкөнү айтылып ЙПГнын жалган командири» деп даңазаланышы уяткаруучу. Абди Шахин ПКК менен ондогон жылдар мурдагыга таянган өтмүшү, ЙПГ менен ПККнын ортосунда айырма болбогонунун ачык далили  мүнөзүндө»,-деди.

Алтун: «Вашингтон террористке кожоюндук кылбашы керек» аттуу жарыяланган макаласында Ферхат Абди Шахиндин ПККнын башкаруучусу болгонун эске салды.

«АКШлык жооптуу кызматкерлер кызыл бюллетень менен изделген террордук уюмдун башчысынын жолуна эмне үчүн кызыл килем жаюуда?»-деп сураган Алтун: «ПККнын мүчөлөрүнүн айтымдары менен катар Түрк коопсуздук күчтөрү белгилеген рация менен сүйлөшүүлөрү жана башка бир топ далилдер террорист Абди Шахиндин көп сандаган террордук кол салуулардын кылмышкери болгонун ачыкка чыгарууда»,-деп жазды.

Фахреттин Алтун, террористтердин аркасында ким болсо болсун, Түркиянын террор менен күрөшүүнү уланта турганын баса белгиледи.

Алтун: «АКШлык эл өкүлдөрүнүн Вашингтондо террористтерге орун жок экенин көрсөтүүсүн үмүт кылуудабыз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар