Министр Сойлу: «Алдыдагы күндөрдө абдан маанилүү операция жүргүзүлөт»

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу маалымат берди.

1305796
Министр Сойлу: «Алдыдагы күндөрдө абдан маанилүү операция жүргүзүлөт»

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу террордук уюмдарга каршы операциялардын улангандыгын белгилеп, ДЕАШтын дагы бир маанилүү адамын бир канча күн мурда Сирияда кармагандарын айтты.

Сүлейман Сойлу Ванда «Коопсуздук коргоочуларынын семинар-тренингинде» сөз сүйлөдү.

Сөз сүйлөөсүндө Германия менен Нидерландиянын өз жарандары болгон ДЕАШ террористтерин үй-бүлөлөрү жана балдары менен бирге ала тургандарын айткандарын баса белгилеген Сойлу: «Берки өлкөлөрдөн да ушундай кызматташууну, ушундай жакындыкты жана ушундай мамилени күтөбүз. Ал үчүн эгерде терроризм менен чогуу күрөшө турган болсо, ар ким өз террористтине чара көрсүн. Биз эч кимдин террористтинин өнөктөшү эмеспиз»,-деди.

Террорго каршы күрөшүү процессинде ДЕАШтын дагы бир маанилүү адамын бир канча күн мурда Сирияда кармагандарын баса белгилеген Сойлу, бул террористти суракка алуу ишинин уланып жаткандыгын айтты.

Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүгө да токтолгон Сойлу: «ФЕТӨгө каршы күрөшүүбүз бирдей эле чечкиндүүлүк менен уланып жатат. Бул ФЕТӨ маселесинен түбүн казганга дейре, ким эмне десе десин баш тартпайбыз. ФЕТӨгө каршы алдыдагы күндөрдө абдан маанилүү операция жүргүзөбүз. Буга карата даярдыктар жүрүп жатат»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар