Чыгыш Жер Ортолук деңиз-2019 чакыруу машыгуусу

Машыгуу 15 өлкөдөн 47 кеме жана 4 миң 700 кызматкердин катышуусунда өтүп жатат.

1303858
Чыгыш Жер Ортолук деңиз-2019 чакыруу машыгуусу

Түркиянын кожоюндугунда, Түрк деңиз күчтөрү командирлигинин башкаруусунда уюштурулган «Чыгыш Жер Ортолук деңиз-2019 чакыруу машыгуусу» 15 өлкөдөн 47 кеме жана 4 миң 700 кызматкердин катышуусунда өтүп жатат.

Деңиз күчтөрү командирлиги тарабынан эки жылда бир өткөрүлгөн жана быйыл 22-жолу ишке ашып жаткан машыгуунун экинчи этабы, согуштук кемелердин Мугланын Мармарис районундагы «Аксаз» деңиз базасынан чыгуусу менен башталды.

Дос жана шериктеш өлкөлөрдүн катышуусунда ишке ашырылган «Чыгыш Жер ортолук деңиз-2019 чакыруу машыгуусунун» негизинде дос жана шериктеш өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана НАТОго билдирилген Түркиянын жогорку даярдыктуу Деңиз күчтөрү штабынын машыктырылышы максатталууда.

Машыгуунун экинчи күнү ассиметриялуу коркунучтар астында порттон чыгуу машыгуусу менен башталды.

Порттон чыккан кемелер, деңизден, абадан жана кургактыктан башкарыла ала турган ыктымалдуу жана чукул болгон кол салуу, саботаж жана террористтик кыймылдарга каршы биримдиктин коопсуздук деңгээлин эң жогорку даярдык абалына алып келди.

Машыгуу аянтында жери белгисиз деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү кемени аныктоо, байкоо салуу жана чабуул коюу иштери жүргүзүлүп жана деңиз аба жолдорунун колдонулушу ишке ашырылды.



Тектеш кабарлар