Министр Сойлу: «ДЕАШ террористтерин тапшыруу иши дүйшөмбү күнү башталат»

Бул туурасында ички иштер министри Сүлейман Сойлу билдирди.

1302996
Министр Сойлу: «ДЕАШ террористтерин тапшыруу иши дүйшөмбү күнү башталат»

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, ДЕАШ террористтерин кайсы өлкөлөрдүн жараны болсо ошол өлкөлөргө тапшыруу ишинин дүйшөмбү күнүнөн тарта башталаарын айтты.

Түркия колундагы чет өлкөнүн жарандары болгон ДЕАШ мүчөлөрүн тапшыра баштайт.

Бул туурасында ички иштер министри Сүлейман Сойлу билдирди.

Баш калаа Анкарадагы бир ачылышта сөз сүйлөгөн Сойлу: «Эми биз буларды тапшырабыз деп жатабыз. Дүйшөмбү күнүнөн тарта баштайбыз»,-деди.

Жикчил террордук уюм ПККга мүчө, кызыл категориядагы 2 террористтин жок кылынгандыгына да токтолгон Сойлу: «ПКК корбашчыларынан Карайылан капа болуптур. Бул жерде улутубузга убада беребиз, Карайыланды өлгөн жыланга айландырабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар