Эрдоган:«Террористтердин коопсуз аймактан чыгарыла турганынын убадасы орундатылган жок»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Венгрияга жасай турган расмий сапардын алдында Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

1301972
Эрдоган:«Террористтердин коопсуз аймактан чыгарыла турганынын убадасы орундатылган жок»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын коопсуз аймактан чыгарыла турганынын убадасы орундатылбаганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Венгрияга жасай турган расмий сапардын алдында Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

Сөзүндө Сириянын түндүгүндө тышкы күчтөрдүн колдоосу менен террор тилкесин түзүү аракетинде болгон ЙПГ/ПКК жана ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясына токтолгон Эрдоган: «Өлкөбүз «Тынчтык булагы» операциясы менен 8 жылдык ыпылас пландарды болгону 8-9 күндө талкалады»,-деди.

Президент Эрдоган, Түркияны каршысына алгандыгына карабастан террористтердин колдоочулугун кылгандарды, жалданган кылмышкерлерге кучак жайгандарды унутпай тургандарын айтты.

Эрдоган, Түркия менен АКШ жана Орусиянын ортосунда Сириянын түндүк чыгышында жетишилген макулдашуу тууралуу, «ЙПГ/ПЙД, ДЕАШ,ПКК булардын бул жерден чыкканын жана 120 сааттын ичинде чыга турганынын убадасын берген (АКШ), учурда муну ишке ашырган жок. Ошондой эле түрдө Орусия менен түзгөн меморандумда да 150 сааттын ичинде алардын басымдуу көзөмөлүндө болгон аймактардан чыга турганын айткан, тилекке каршы 150 саат өттү учурда ал аймактардан дагы террористтер чыккан жок»,-деди.

Учурда террористтердин Сирия улуттук армиясына кол салганын айткан Эрдоган: «Бүгүн эртең менен 11 шейит бар. Албетте каршы тараптан да андан көбү жок кылынды»,-деп айтты.

ДЕАШтын корбашчысы Эбубекир эль-Багдадинин жубайынын орто эсеп менен бир жарым жылдан бери колдорунда болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Кармагандарыбызды андан кийин өзүбүздүн артка кайтаруу борборлоруна алуудабыз. Биздин Адилет министрлигибиз бул темада кандай чечим чыгарат, муну көрөбүз. Багдадинин жубайы орто эсеп менен бир жарым жылдан бери колубузда болчу. Эми окуя дагы кеңейип, өнүктү. Эми абал эки орундуу санга карай баратат. Мунун ичинде бардык жакындарынын болгонун көрүүдөбүз. Буларды да учурда жарыялоону туура көрбөймүн. Багдадинин жубайынын жанында ДНКсы ырасталган баласынын дагы болушу биз үчүн маанилүү кылдаттык. Бул териштирүү процесстери да чечкиндүүлүк менен уланууда»,-деп айтты.

Эрдоган: «Ушул убакка дейре Түркияга кирүүгө тыюу салынган ДЕАШ мүчөлөрүнүн саны 76 миң. Өлкөдөн чыгарылган ДЕАШ мүчөлөрүнүн саны 7550, абактарыбызда учурда 1149 ДЕАШ террористи бар»,-деди.



Тектеш кабарлар