Чавушоглу-Помпео сүйлөшүүсү

Чавушоглу менен Помпео телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

1298143
Чавушоглу-Помпео сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен телефондо сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу менен Помпео сүйлөшүүдө АКШнын өкүлдөр палатасында кабыл алынган мыйзам долбоорлору жана Сирия маселесин талкуулашты. 

АКШнын өкүлдөр палатасы 29-октябрда «Тынчтык булагы» операциясына байланыштуу Түркияга каршы санкцияларды көздөгөн мыйзам долбоору менен 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтарын камтыган чечимди кабыл алган болчу.



Тектеш кабарлар