"Тынчтык булагы" жана "Евфрат калканы" операциясы аймактарында террордук кол салуу болду

Кол салууда 2 жаран каза болуп, 10 жаран жараланды.

1296056
"Тынчтык булагы" жана "Евфрат калканы" операциясы аймактарында террордук кол салуу болду

Сириянын түндүгндө "Тынчтык булагы" жана" Евфрат калканы" операциясы жүгүзүлгөн аймактарда террордук кол салуулар болуп,  2 жаран каза болуп, 10 жаран жараланды. 

Түркия ишке ашырган "Тынчтык булагы" операциясынын негизинде ЙПГ/ПКК террордук уюмунан куткарыган Сулук аймагы менен"Евфрат калканы" операциясы  аймагындагы Чобанбей аймагында террордук кол салуулар болду. Тель Абяддын түштүк чыгышындагы Сулук аймагында бомба жүктөлгөн унаа менен  жасалган террордук кол салууда 1 жаран каза болуп, 7 жаран жараланды. 

Түркия  -  Сирия чек арасындагы Чобанбейдин түштүгүндө болсо, жолго төшөлгөн бир минанын жарылышы менен 1 жаран каза болуп, кол салууда жараланган 3 жаран Чобанбей ооруканасына жаткырылып дарыланууда. 

Кол салуу болгон жерлерге барган Сирия Улуттук Армиянын аскерлери менен жергиликтүү коопсуздук күчтөрү кол салуулардын ЙПГ/ПКК тарабынан жасалгандыгы тууралуу ыктымалга токтолушууда. 

 

 



Тектеш кабарлар