ДЕАШка мүчө террористтер кайра кармалып жатат

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Анкарадагы бир ачылышта сөз сүйлөдү.

1290994
ДЕАШка мүчө террористтер кайра кармалып жатат

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК тарабынан Сирияда Рас эль-Айн жана Тель-Абьяддагы абактардан кое берилген ДЕАШка мүчө террористтерден дагы 41инин колго түшүрүлгөнүн айтты.

Борбор шаар Анкарадагы бир ачылышта сөз сүйлөгөн ички иштер министри Сүлейман Сойлу, бул 41 ДЕАШ мүчөсү менен бирге колго түшкөн террорист санынын 236га жеткенин маалымдады.

Сойлу, Түркия жараны террористтердин юстиция органдарына, чет элдик террористтердин болсо жергиликтүү башкаруулар башкарган Жераблус,Азез,Маре,Африн, Аль-Бабдагы тийиштүү органдарга тапшырылат.

Террордук уюм Рас эль-Айн жана Тель-Абьяддан ДЕАШка мүчө 750 террористти эркин кое берип жиберген болчу.


Этикеткалар: #Террористтер , #ДЕАШ

Тектеш кабарлар