Эрдоган Трампка жооп кайтарды

«Тынчтык булагы» операциясына 5 күндүк тыныгуу берилгенине байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык медиа баракчасынан өз билдирүүсүн жарыялаган болчу.

1290126
Эрдоган Трампка жооп кайтарды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда Евфраттын чыгышында жүргүзүлүп жаткан «Тынчтык булагы» операциясына 5 күндүк тыныгуу берилгенине байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трамптын социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Эрдоган Твиттерден: «Урматтуу президент, адам баласынын негизги душманы болгон терроризмди жеңгенибизде дагы көп жан куткарылат. Бул биргелешкен аракеттин аймагыбызда тынчтык жана бакубаттыкка колдоо көрсөтөөрүнө ишенемин»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Президенттиктин комплексинде президент Режеп Таййип Эрдоган жана АКШнын вице-президенти Майк Пенстин ортосундагы сүйлөшүү менен делегациялар аралык сүйлөшүүдөн кийин кечээ маалымат жыйын өткөрүп, Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында жүргүзүлүп жаткан «Тынчтык булагы» операциясына 5 күндүк тыныгуу бериле турганын билдирген эле.

АКШнын президенти Дональд Трамп бул боюнча Твиттерден жарыялаган бөлүшүүсүндө президент Эрдоганга ырахмат айтып: «Түркиядан келген кабар бар, миллиондогон адам куткарылат»,-деген болчу.



Тектеш кабарлар