Эрдоган : "120 саттын акырында керек болгондор аткарылбаса операция улантылат"

Президент Эрдоган Стамбулда Долмабахче иш алып баруу кеңсесинде чет элдик медиа өкүлдөрү менен жолугушту.

1290561
Эрдоган : "120 саттын акырында керек болгондор аткарылбаса операция улантылат"

 Президент Р. Т. Эрдоган АКШ 120 саттын акырында убадасын аткарбаса тыныктырылган «Тынчтык булагы» операциясынын кайрадан чечкиндүүлүк менен улантыларын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда Долмабахче иш алып баруу кеңсесинде чет элдик медиа өкүлдөрү менен жолугушту. Эрдоган бул жерде Сириянын түндүгүндө түзүлө турган коопсуз аймакка 1 же  2 миллион арасында сириялык баш калкалоочунун кайра кайтуусун пландашкандарын баса белгилеген Эрдоган : «Өлкөбүздөгү 3, 6 миллион сириялыктан 350 миңи ПКК/ЙПГ басып алган жерлерден келген күрттөр»,- деди.

Кыска убакытта  бир канча жерден 30 километр ичкериге киргенде  АКШ жана Европа башта болгон бир топ өлкөнүн мамилесинин өзгөргөндүгүн айткан Эрдоган : «Алгачы бир, эки күн Түркиянын мындай бир ийгиликке жетише албай турганын ойлошкону үчүн көп каршы чыгышкан жок. Түркиянын операциясы ийгиликтүү болорун түшүнгөндөн кийин каршы чыгуулар акыл жана логика чектерин зордой турган деңгээлге жогорулады»,- деди.

Президент Эрдоган Түркиянын бардык жактан дүйнөдө мисалы аз кездешкен тыкандык менен операция жүргүзгөндүгүн баса белгиледи. «Түрк куралдуу күчтөрү аймактан чыкпайт себеби ал жердеги коопсуздуктун негизи муну керек кылып жатат»,- деди.

«30 -  октябрда Женевада чогула турган Конституция Комитетинин Сириядагы саясий жөнгө салуу процессинин маанилүү учур болушун каалаймын»,- деди.

«Тынчтык булагы операциясын  да мажбур болгонубуз үчүн баштадык. ПКК/ЙПГ террордук уюм  тууралуу эскертүүлөрүбүзгө кулак салынганда азыр мындай маселе менен алектенбейт элек»,- деди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын медиада орун алган катына да жооп берген Эрдоган : «Убакты , сааты келгенде бул тууралуу керек болгондор аткарылат»,- деди.



Тектеш кабарлар