"Тынчтык булагы" операциясы уланып жатат

"Тынчтык булагы" операциясында жок кылынган ПККлык террористтердин саны 673кө жетти.

1289410
"Тынчтык булагы" операциясы уланып жатат

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында жүргүзүлүп жаткан "Тынчтык булагы" операциясында жок кылынган ПККлык террористтердин саны 637ге жетти. 

Түркиянын түштүк чек арасында түзүлүүгө аракет кылынган террордук коридорго бөгөт болуу, аймакка тынчтык жана ырааттуулук алып келүү максатында баштаган «Тынчтык булагы» операциясына тогуз күн болду.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттерден берген маалыматында: «Евфраттын чыгышында уланып жаткан «Тынчтык булагы» операциясында жок кылынган ПКК/ЙПГлик террористтердин саны 637ге жетти»,- деп билдирилди.

Бул учурда коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, ийгиликтүү уланып жаткан «Тынчтык булагы» операциясынан улам террордук уюм ПКК/ЙПГнын маанайы бузулуп, Ракка жана Табга аймактарында уюмга мүчө 600гө жакын террористтин качып кеткендиги, Түрк куралдуу күчтөрүнүн аскерлерине багынып берген террористтердин саны да 40тан ашкандыгы белгиленди.  



Тектеш кабарлар