Эрдоган-Жонсон менен сүйлөштү

Президент Эрдоган Англиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон акрылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1287001
Эрдоган-Жонсон менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ коркунучу толугу менен жок кылынганга дейре  операция улана турганын билдирди.

Президент Эрдоган Англиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон акрылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президент Эрдоган, Борис Жонсон менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө Сирияда Евфрат дарыясынын чыгыш жагында 9-октябрда башталган «Тынчтык булагы» операциясынын максаттарын түшүндүрдү.

Эрдоган, телефондогу сүйлөшүүсүндө Сириянын түндүгүндөгү ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ террор коркунучтары жок кылынганга дейре операция улана турганын, ушундайча жерлерин таштап кетүүгө аргасыз болгон сириялыктардын да ыктыярдуу жана коопсуз түрдө артка кайтууларынын камсыздала турганын маалымдады.

Жонсон болсо Түркиянын Англия жана НАТО шериктештери үчүн маанилүү өнөктөш болгонун баса белгиледи.

Борис Жонсон, Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүнүн алдыңкы катардагы ролун жана Сириядагы жарандык согуштан качкан качкындарды колдоодогу жоомарттыгын дагы кеп кылды.



Тектеш кабарлар