Мевлүт Чавушоглу: «Түркия террордук уюмдарды ылгабастан күрөшүүсүн улантат»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу,Түркияга сапар жасаган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолукту.

1286474
Мевлүт Чавушоглу: «Түркия террордук уюмдарды ылгабастан күрөшүүсүн улантат»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын ушул убакка дейре болгону сыяктуу мындан кийин да террордук уюмдар менен ылгабастан күрөшүүсүн уланта турганын айтты.

Чавушоглу, Түркияга сапар жасаган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолукту.

Стамбулда Президенттиктин Долмабахчедеги кеңсесинде өткөн бетме-бет жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйында Чавушоглу: «Түркия катары ушул күнгө дейре террордук уюмдарды ылгабастан бардыгы менен күрөштүк, күрөшүүбүздү дагы улантабыз»,-деди.

Сириянын түндүгүндөгү элементтерге карай башталган «Тынчтык булагы» операциясы туурасында болсо Чавушоглу: «Бул кыймыл НАТОнун түштүк чыгыш чек араларын түзүп турган улуттук чек араларыбыздын ары жагынан келип чыккан террор коркунучунун соңуна чыгарлышын максаттайт жана бул жагынан алганда шериктештиктин жерлеринин коопсуздугу жагынан абдан маанилүү»,-деп айтты.

Чавушоглу, коопсуздуктун ажыратылгыстыгы принцибинин алкагында шериктештердин да Түркия менен кеңешүүсүнүн эң табигый жана эң мыйзамдуу күтүүсү болгонун баса белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу: «Түркиянын мыйзамдуу санааркоолорун түшүнөбүз деп коюу жетпейт,бул колдошууну ачык жана так түрдө көргүбүз келет»,-деди.

«Тынчтык булагы» кыймылы тууралуу болуп жаткан каралоолорду мындан мура да көргөндөрүн эске салган Чавушоглу: «(Сирияда мурдагы жылдарда жүргүзүлгөн) «Зайтун бутагы» операциясы убагында ошол эле ЙПГ/ПКК террористтери тарабынан башталган каралоолор ишке жарабаганын көрдүк. Ошондой эле түрдө «Ефрат калканы» операциясы менен ДЕАШка каршы күрөш жүргүзүлүп жатканда да ДЕАШтын мүчөлөрүнүн каралоосун көрдүк. Жарандар темасында, адамзат темаларында менин оюмча дүйнөдө эч ким Түркияга сабак бере албайт»,-деп айтты.

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн, жикчил террордук уюм ПКК менен ЙПГнын бир экенин жана Түркиянын улуттук коопсуздук санааркоолорунун укуктуу жана мыйзамдуу болгонун түшүндүргөнүн айткан Чавушоглу: «Түркиянын бул жерде санааркоосу мыйзамдуу болсо бул санааркоого себеп болгон террор уюму менен күрөшүү да мыйзамдуу укугубуз. Түркия дипломатия жана сүйлөшүү жолун акырына дейре колдонду»,-деди.

ДЕАШты орток душман деп кабыл алгандарын айткан Чавушоглу, ДЕАШ менен бүгүнкү күнгө дейре бетме-бет салгылашкан жалгыз аскердин Түрк аскери болгонун баса белгиледи.

НАТОнун Башкы катчысы Столтенберг, Түркиянын НАТО менен шериктештигинин абдан күчтүү болгонун белгилеп, «НАТО мүчөлөрүнөн эч бири Түркия сыяктуу Жакынкы Чыгыштан келген кол салууларга дуушар болгон жок»,-деди.

Столтенберг, уланып жаткан «Тынчтык булагы» операциясы тууралуу министр Чавушоглу менен баа берүүлөрдү жасагандарын белгилеп, «Сирияда кармалган ДЕАШ согушкерлеринин ал жерде калышын камсыздоо үчүн чечүүчү жол табылышы керек»,-деп айтты.

Түркиянын террор менен күрөшүүдө маанилүү өлкө болгонун баса белгилеген Столтенберг, ДЕАШ менен күрөшүүдө Түркиянын камсыздаган салымдарына көңүл бурду.

Столтенберг: «НАТО шериктештери Түркияны колдоосун улантат. Түркия бардыгыбыз үчүн маанилүү күрөштүн алдыңкы фронтунда орун алууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар