«Тынчтык булагы» операциясы кургактыкта уланууда

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) «Тынчтык булагы» операциясына катышкан баатыр десанттарыбыз Евфраттын чыгышында илгерилеп баратат»,деген маалыматты бөлүштү.

1285253
«Тынчтык булагы» операциясы кургактыкта уланууда

Түрк аскери, өлкөдө жана аймакта тынчтык жана ыраттуулуктун камсыздалышы үчүн Сириядагы Евфрат дарыясынын чыгыш жагында...

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) «Тынчтык булагы» операциясына катышкан баатыр десанттарыбыз Евфраттын чыгышында илгерилеп баратат»,деген маалыматты бөлүштү.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер барагынан берилген маалыматта, «Тынчтык булагы операциясына катышкан баатыр десанттарыбыз Евфраттын чыгышында илгерилеп баратат»,деп берилди.

Сөзү болгон бөлүшүүдө десанттардын талаада ок атып илгерилеп баратканы боюнча түнкү камера менен тартылган видеолор орун алды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирияда баштаган террордук уюмдар ПКК/ПЙД жана ДЕАШты  бутага алган «Тынчтык булагы» операциясынын кургактык бөлүмүнө кечээ өтүлдү.

Түрк аскери 3 башка жерден чек арадан өтүп, аймакты мурда басып алган террористтер менен күрөшүүнү кургактыктан дагы жүргүзө баштады.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында, «Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз жана Сириянын улуттук армиясы «Тынчтык булагы» операциясынын алкагында Евфрат дарыясынын чыгыш жагына кургактык кыймылын баштады»,делди.

Операциянын абадан башталганын президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Түркия убактысы боюнча саат 16:00дө: «ТКК, Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмдарга каршы «Тынчтык булагы» операциясын баштады»,-деп жарыялаган.

Андан соң Түрк реактивдери 30 чакырым ичкериге кирип террорист буталардын таш талканын чыгарды.



Тектеш кабарлар