Операция үчүн даярдыктар толук бүттү

Улуттук коргоо министрлиги: «Сириялыктардын тынчтыкта жашоолору үчүн коопсуз аймак/тынчтык коридору түзүлүүсү керек»,-делди.

1283586
Операция үчүн даярдыктар толук бүттү
tsk asker.jpg

Түркиянын Сирияда Евфрат дарыясынынын чыгышына жүргүзө турган операция үчүн баардык даярдыктарын бүткөргөндүгү билдирилди.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттерден жарыялаган маалыматында: «Аймагыбыздын ырааттуулук жана тынчтыгына салым кошуп сириялыктардын коопсуз жашоолору үчүн коопсуз аймак/тынчтык коридору түзүлүүсү керек»,-делди.

Ошондой эле Түрк куралдуу күчтөрүнүн Түркия чек арасында террордук коридордун түзүлүүсүнө эч качан жол бербей тургандыгы баса белгиленип, операция үчүн баардык даярдыктардын бүткөнү маалымдалды.

Улуттук коргоо министрлигинин дагы бир бөлүшүүсүндө болсо: «Түрк куралуу күчтөрү мекенибиздин бүтүндүгүнө, мамлекетибиздин ырааттуулугуна, 82 миллион жараныбыздын тынчтык/коопсуздугуна карата коркунуч жараткан баардык террордук уюмдарга каршы улуу элибиздин сүйүүсү, ишеними жана дубасынан алган күч менен жана «Өлсөм шейит, калсам ардагер» түшүнүгү менен күрөшүүгө даяр»,-деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар