Октай:«Өлкөбүз болбогондо Европага миллиондогон сириялык кирип кетмек»

Президенттин орун басары Фуат Октай, ЕБнин делегациясын кабыл алды.

1282126
Октай:«Өлкөбүз болбогондо Европага миллиондогон сириялык кирип кетмек»

Президенттин орун басары Фуат Октай, жаңы Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынан дагы так, адилеттүү жана келечекке карай Түркия саясатын түзүүсүн күткөндөрүн айтты.

Фуат Октай, ЕБнин миграция, ички иштери жана атуулдук комиссары Дмитрис Аврамопоулус, Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер, Франциянын ички иштер минисртри Кристоф Кастанерди өкүлдүк кылган Франциянын Анкарадагы элчиси Чарльз Фристи Президенттик комплексинде кабыл алды.

Кабыл алууда сөз сүйлөгөн Октай, жаңы шайланган ЕБ Комиссиясынын 1-ноябрда кызматын баштай турганын эске салып,«Жаңы Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынан дагы так, адилеттүү жана келечекке карай Түркия саясатын түзүүсүн күтөбүз»,-деди.

Октай, Түркиянын 4 миллионго жакын жеринен ажыраган кишиге кожоюндук кылып, оор жүктү көтөргөнүн эскертти.

Аймак өлкөлөрүндөгү саясий жана экономикалык шарттар оңдолмоюнча, көчкө себеп болгон шарттар жоюлмайынча Европага багытталган тартипсиз көчтүн жоюлушун чындык болбой турганына көңл бурган Октай: «Тартипсиз көчмөн жүгүн Түркиянын өзү жалгыз милдеттенишин талап кылуу туура эмес жана адилеттүү мамиле эмес. Европа жана ЕБне мүчө өлкөлөр баш болуп бул темада керектүү жоопкерчиликти алуусун, кол кабыш кылышын күтүүдөбүз. Өлкөбүздүн бул багыттагы иш-аракеттери болбогондо, Европага миллиондогон киши өтүп кетмек. Көч кризисинин туура түрдө башкарылышы үчүн адилеттүү жүк жана жоопкерчилик бөлүшүү керек»,-деп айтты.

Түркиянын Сирия чек арасын бойлой коопсуз аймак түзүлүүсү максатында АКШ менен сүйлөшүүлөр уланганын түшүндүргөн Фуат Октай: «Түзө турган бул тынчтык коридорунда, орто эсеп менен 2 миллион сириялыктын аймакка ыктыярдуу түрдө жайгашуусун көздөп жатабыз. Ушул күнгө дейре өлкөбүздөн Сирияда террордон тазаланган аймактарга 365 миңден ашуун сириялык артка кайтты. Була абал коопсуздукту камсыздасак, негизги муктаждыктарды камсыздасак жана керектүү инфраструктураны куруп берсек, сириялыктардын жерлерине артка кайта ала тургандарына белги берет. Долбоорлорубуз даяр, бирок ишке ашырылышы үчүн ЕБ баш болгон аймактагы бардык актерлордун колдоосуна муктаждык бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар